Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-августу №9
Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мүлккө муниципалдык менчик объектилеринин реестрине ээ болуу жөнүндө 9-беренесине ылайык, Кеңеш айыл аймагынын орун басары У.Саиповдун кайрылуусуна негиз Кеңеш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу №1087 контурдан орун алган 1,04 га жер аянты муниципалдык менчиктеги реестрге киргизилип бекитилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы И.Каиповго милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | И.Каипов. |