Загрузка документа…
ЖАҢЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №23/3
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде ата - энелерден түшө турган взносун бекитүү жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде ата - энелерден түшө турган взносун бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Жаны-Алай айылдык Кеңешинин 6-шайланган кезектеги 23-заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде ата-энелер взносу бир балага бир айга 400 сомдон бекитилсин.
2.Жаңы-Алай балдар бакчасынын жетекчиси А. Шаңыяева, Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчиси Омарали кызы Айпери ата-энелерден топтолгон атайын каражатты өз убагында атайын каражат счетуна төгүү жана максаттуу жумшоо жагы милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин пландоо жана бюджет социалдык - экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Исмаиловго, К.Э.Б башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ө.Акбашов. |