Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXI СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2019-жылдын 11-июну № 196
Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 28-апрелиндегы № 231/08-13, 30-октябрындагы № 628/08-13, 28-февралындагы №148/08-13, 2018-жылдын 1-октябрындагы № 693/08-13, 2019-жылдын 25-мартындагы № 628/08-13, 2019-жылдын 29-майындагы № 167/08-6 каттарын, «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча сунуштарды кароо боюнча комиссиянын отурумунун 2017-жылдын 13-апрелиндегы №1, 26-октябрындагы №2, 2018-жылдын 27-февралындагы №1, 2018-жылдын 25-сентябрындагы № 2, 2019-жылдын 25-мартындагы №1, 2019-жылдын 28-майындагы № 2 протоколдорун карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы № 203-токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобого ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 11, 2019-жылдын 30-майындагы № 32 токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгынын 2019-жылдын 11-июнундагы № 2 протоколунун эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын төмөндөгү атуулдарына «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын:
-Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, профессор Нурунбетов Балтахун Аттокуровичке:
-коомдук ишмер Асилбекова Дарийканга;
-Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер, Ош шаардык Кеңешинин эки жолку чакырылышынын төрагасы, персоналдык пенсионер Азимов Худайбердиге;
-Ош шаардык Кеңешинин үч жолку чакырылышынын депутаты, жеке ишкер Алиев Алмазбек Маматовичке;
-жеке ишкер Алдаяров Абдиманап Мирзаевичке;
-Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Төлөнөв Байышка;
-Ош шаардык Кеңешинин эки жолку чакырылышынын депутаты, муниципалдык кызматтын мыктысы Кокочоров Долатбек Курманбековичке;
-Милициянын генерал-майору Асанов Курсан Сатаровичке;
-Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үч жолку чакырылышынын депутаты Алыкулов Мукамбек Калмаматовичке;
-Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги Абытов Байболот Капаровичке;
-Апрель революциясынын баатыры, Ош шаардык Кеңешинин эки жолку чакырылышынын депутаты Эсенбаева Гульсана Баараимовнага;
-Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти Абилдаев Болот Ералхановичке
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |