Загрузка документа…
ЖАҢЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №23/2
Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2017-жылга аткарылышы, 2018-жылга маалыматы, 2019-жылга жергиликтуу бюджеттин киреше жана чыгаша болукторун бекитүү, 2020-2021-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Жаны-Алай айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 23- заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 6532,4 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше -1472,3 тендөөчү грант -3863,2 мин сом, атайын каражаттар–495,7 мин сомго, республикалык бюджеттен берилуучу каражаттар (средства передаваемые)-297,4 миң сом,откон жылдан калган калдык 403,8мин сом жана чыгаша бөлүгү 5864,5 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2 Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 6935,9 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 6682,0 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 6477,6 миң сомго, анын ичинен тендөөчү грант -4456,4 мин сомго, өздүк киреше -2021,2 мин сомго (анын ичинен атайын каражаттар – 445,0 мин сом) бекитилсин.
4. 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 6609,7 миң сомго, анын ичинен: тендөөчү грант 4341,5 мин сом, өздүк киреше 2268,2 мин сом (анын ичинен атайын каражаттар – 445,0 мин сом), 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 6651,0 миң сомго анын ичинен: тендөөчү грант 4124,8 мин сом, өздүк киреше 2526,2 мин сом (анын ичинен атайын каражаттар – 445,0 мин сом) долбоорунун болжолу бекитилсин.
5. Жаны-Алай айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына милдеттендирилсин.
6.Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.
7.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловго милдеттендирилип, көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ө.Акбашов. |