Загрузка документа…
ЖАҢЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-январы №24/1
Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 921,9 миң сом калган калдык акча каражатын 2019-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө
Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражатын 2019-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Жаны-Алай айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Сороонов жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Жаны-Алай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата 2018-жылдан пайдаланылбай калган 921,9 миң сом(анын ичинен атайын каражаттар-41,7мин сом) калдык акча каражатын 2019-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.
2.Айылдык Кенештин заседаниесинде талкууланган 2019-жылдын 1-январына карата 2018-жылдан пайдаланылбай калган 921,9 мин сом(анын ичинен атайын каражаттар-41,7мин сом) акча каражаты 2019-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча киргизип берүү жагы Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
3.Жогорудагы бекитилген толуктоолорду өз максатында чыгымдоо жагын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүнө милдеттендирилип, көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ө.Акбашов. |