Загрузка документа…
ЖАН БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-январы №1
Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин 2018-жылдагы аткарылышы жана 2019-жылга бюджетинин сметасы жѳнүндѳ
Жан – Булак айыл округунун башкы бухгалтери Ж.Эсенканова сессиянын катышуучуларына тѳмѳнкүлѳрдү баса белгиледи.
-Жан – Булак айыл аймагынын 2018 – жылдагы бюджети киреше жана чыгаша бѳлүктѳрү боюнча 4737,3 мин сом болуп бекитилген. Жыл ичиндеги ѳзгѳрүүлѳрдү , толуктоолорду эсептѳѳ менен киреше бѳлүгүнүн жылдык планы 6806,7 мин сом, чыгаша бѳлүгү 6952,5 мин сом болуп такталган. Бюджеттин киреше бѳлүгү жергиликтүү салыктар жана жыйымдар , республикадан келген гранттар боюнча жалпысынан – 103,5%ке аткарылды,же жалпы 7046,9 мин сом киреше түштү. Анын ичинен жергиликтүү салыктар жана жыйымдар 3384,2 мин сом. Грантар 3662,7 мин сом. 2018 – жылы салыктар жана жыйымдар дээрлик бардык түрлѳрү боюнча ашыгы менен аткарылды. Салыктардын 3 түрү 3 түрү аткарылган жок. М: киреше салыгы 95,0%,кыймылсыз мүлк салыгы – 34,7%,айыл чарба багытында эмес жерден алынуучу салык - 71% болду, бул салыктарды толук ѳндѳрүү үчүн бизде булак (источник)жок. Бул үч тур салык быйылкы жылы мындан дагы ѳтѳ кѳп түрдѳ планга коюлуп жатат. Бул боюнча финансы министирлигинин Нарын башкармасына, Нарын райондук салык кызматына презентациялар жазылган. Бирок мындан жыйынтык чыгаары күмѳн. Бул салыктарды кѳбѳйтүүдѳ кайсы расчеттор колдонулганы белгисиз.
Бюджеттин чыгымдоо бѳлүгү жалпысынан тѳмѳндѳгүдѳй аткарылды:
Мында: Эмгек акы - 2895,3мин сом
Соц. фондго тѳлѳмдѳр - 427,9 мин сом
Интернет байланыш үчүн - 25,3 мин сом
Сапар чыгымдары - 63,6 мин сом
Транснпорт чыгымы - 111,0 мин сом
Кѳмүр алууга - 427,5 мин сом
Тамак – ашка - 321,9 мин сом
Электр энегиясына - 225,4 мин сом
Эл.энергияга компенсация - 360,5 мин сом
Жайыт комитетинин чыгымы – 328,7 мин сом
Негизги каражаттарга - 280,6 мин сом
Башка чыгымдар үчүн - 1095,9 мин сом
Баардыгы: 6563,6 мин сом чыгымдалды.
Муруну жылдардай эле, быйыл дагы гранттын кѳлѳмү 205,2 мин сомго азайган. Анын тескеринче киреше салыгы 1288,0 мин сом, кыймылсыз мүлк салыгы17,3 мин сом, сатуудан түшүүчү салык 960,0 мин сом болуп планга коюлганы турат. Бирок маселе- салыктын коломүн эпсиз кѳбѳйтүп коюуда эмес, аны аткарууга айыл ѳкмѳтүнүн мүмкүнчүлүгү, базасы барбы – мына ушунда.
№ | Кирешенин аталышы | 2017 | 2018 | 2019 |
1 | Киреше салыгы | 852,0,0 | 919,0 | 1288,0 |
2 | Патент | 64,0 | 68,0 | 70,0 |
3 | Кыймылсыз мүлк салыгы | 19,0 | 17,3 | 173 |
4 | Транспорт салыгы | 196,0 | 230,0 | 252,0 |
5 | Жер салыктары: | 386,6 | 364,5 | 363,4 |
| Огород | 25,0 | 30,0 | 30,0 |
| Yлүш жер | 278,2 | 251,1 | 230,0 |
| айыл чарба багыт.эмес жер салыгы | 83,4 | 83,4 | 83,4 |
6 | Сатуудан түшүүчү салык | 200,0 | 220,0 | 960,0 |
7 | Жайыттын арендасы м | 386,2 | 386,2 | 386,2 |
8 | ФПСтин арендасы | 166,9 | 270,0 | 172,0 |
9 | Тазалык жыйымы | 1,5 | 1,5 | 1,6 |
10 | лицензия | - | 60,0 | 60,0 |
11 | Атайын каражат | 85,0 | 410,0 | 450,0 |
| Жыйынтыгы: | 2357,2 | 2868,8 | 4020,5 |
12 | Тендештирүүчү грант | 2278,8 | 1868,8 | 1663,6 |
| Жалпы жыйынтык: | 4636,0 | 4737,3 | 5684,1 |
|
|
|
|
|
Бул таблицадан кѳрүнүп тургандай, киреше салыгы, кыймылсыз мүлк салыгы, а/чарба багытындагы эмес жер салыктары жылыга аткарылбай калгандыгына карабастан жана мумкунчулугу жок экендиги эске алынбастан жылдан – жылга олчому кобойуп жатат. Анын тескеринче , тендештируучу грант азаюуда. Бул кайсы расчеттор менен коюлуп жатканы тушунуксуз болууда .
Ал эми 2019- жылга
Эмгек акыга 2986,8 мин сом
Соц. фондго тѳлѳмдѳр 446,7мин сом
Электр жагуусу үчүн 126,8мин сом
Кѳмүр алууга 400,0мин сом
Тамак –аш алууга (ДДУ) 190,0мин сом
ООП кызматы үчүн 328,7 мин сом
Калган бардык чыгымдарга 720,0 мин сом
Атайын каражаттар 450,0 мин сом
Бардыгы: 5649,0 мин сом
Бул билдирүүдѳн кийин тактоо иретинде суроолор берилип, тиешелүү жооптор айтылды. Андан сон айылдык Кенештин депутаттарынын талкуусу жүрдү:
Бекбоев.Т – бухгалтердин бюджет боюнча отчетун угуп жатабыз. Жакшы, былтыркы жылга салышырганда кирешелер жагы дээрлик ашыгы менен аткарылыптыр.Чыгаша бѳлүгү деле кирешеге жараша аткарылган экен. Маселе быйылкы бюджетте болчудай. Себеби, ккоролгон милдеттуу чыгымдоолордон кийин айыл окмотундо 720,0 мин гана сом калат экен го. Буга кандай кылып иш жүргүзүүгѳ болот. Эмне үчүн мамлекет мектеп,бала бакалардын айлыгын билим берүү Министирлигине берет дагы, электири менен кѳмүрдү бизге калтырган. Алгандан кийиин толугу менен алып, каржыласа болмок. Быйылкы жылы дагы региондорду ѳнүктүрүү мүмкүн эмес го. Менин сунушум ѳйдѳкү аткарылбай турган кирешелерди алып салалы.
Күчүкова.К – бюджеттин 2018 – жылдагы киреше жана чыгашалары боюнча уктук. Негизинен киреше жана чыгашалар боюнча кѳрсѳткүчтѳр аткарылыптыр, жанагы салыктын үч түрүн кошпогондо. Ал бетте бул айыл ѳкмѳттүн башчысынын, башкы бухгалтердин, салык инспекторунун жана тармак адистеринин эмгеги дейбиз жана рахмат айтабыз. Ал эми быйылкы бюджеттин киреше бѳлүгүндѳ айрым аткарууга кыйынчылык болгон салык, жыйымдын түрлѳрү жылдан – жылга улам кѳбѳйүп келе жаткандыгын байкап жатам.М: кирешеден алынуучу салыкка 2019- жылга 1288,0 мин сом план берилиптир. Айыл ѳкмѳтүндѳгү АУП жана маданият тармагынын эмгек акысынан мынча салык түшпѳйт. Анын үстүнѳ биздин айыл ѳкмѳтүндѳ бийик тоого кошулуучу коэффициент жок. Ошондой эле сатуудан түшүүчү салык 960,0 мин сом болгону жатат. Биздин айылда сатуудан мынча салык түшүүсү эч мүмкүн эмес. Негизинен киреше бѳлүгүн аткаруу деле оной эместиги корунуп турат. Киреше аткарылбаса жогорудагы корсотулгон чыгымдар дагы аткарылбай калаары бышык. Жылдан – жылга бардык чыгымдар айыл окмотуно уйулуп келе жаткандай.
Абдыжапаров.А 2018 – жылдагы бюджнттеги аткарылган иштер боюнча отчетту уктук. Ал эми быйылкы бюджетке келсек, чындыгында биздин айыл ѳкмѳтү эмгек акыларын дагы оз кирешеден каржылап келгенин толук билем. Анткени тендештирүүчү грант жетчү эмес. Бул бир жагынан жакшы, балким келечекте мамлекеттен жардам сурабай, ѳзүбүздү ѳзүбүз каржылаган кезге жетербиз. Бирок, азыркы тапта мамлекеттен жардам күтѳбүз.
Жээнбек кызы Гүлзат- Башкы бухгалтер бул боюнча сметам ѳтпѳйт дейт, бюджетти кабыл алуу тѳмѳндѳп ѳйдѳ кетет.Биз азыр эмнени бекитсек, бузгалтер ошону алып барсын. Биз деле ушунча жылдан бери статусубузду, укук- милдетибизди сактап законду билебиз. Айылды ѳнүктүрүү, ички инфраструктураны жакшыртуу деген чон милдетибиз бар, эгерде жылыга ушундай бюджет болсо, башка эч иш кыла албайбыз го. Андан дагы аткарууга мүмкүн эмес салыктар, жыйымдар ѳтѳ кѳп суммада экен. Салыктарды эпсиз кѳбѳйтүү менен бюджетте толтуруп жибере албашыбыз түшүнүктүү да. База болуп туруп, анан планды аткарбай жатсак бир жѳн. Негизи, киреше дагы чыгымдоо жагы дагы реалдуу, максаттуу, приоритеттуу болгону жакшы эмеспи. Жогорудагыларды белгилеп, чыгып сүйлѳгѳн дагы башка депутаттардын ой – пикирин, сунуштарын угуп жана талкуулап, Жан – Булак айылдык Кенешинин кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 . Жан – Булак айыл округунун 2018 – жылдагы бюджетинин кирешелери боюнча 7046,9 мин сомго, чыгымдоолор боюнча 6563,6 мин сомго аткарылганг отчету кабыл алынсын.
2. 2019 – жыл үчүн айыл округунун бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча 5684,1 мин сомго белгиленип жаткан жалпы сметанын киреше жагы:кыймылсыз мүлктѳн алынуучу салык 10,7 мин сомго, айыл чарба багытында эмес жерден алынуучу салык 24,4 мин сом, экѳѳнү кошкондо – 35,1 мин сомго кыскартылсын, б.а. сметанын киреше жана чыгаша бѳлүктѳрү 5649,0 мин сом болуп бекитилсин.
Ошондой болгондон кийин сметанын чыгымдоо жагы тѳмѳнкүдѳй:
Эмгек акыга - 2986,8 мин сом же:
а) Башкаруу аппаратынын 14 (он тѳрт) штаттык бирдигинин эмгек акысы 2721,1 мин сом.
б) библиотекада 1 9бир) штаттык бирдик – эмгек акысы, 80,7 мин сом
в)клубга 3(үч)штаттык бирдик- эмгек акысы 185,0 мин сом
2. булардын соц. фонду үчүн – 446,7 мин сом: АУП – 402,5 мин сом.
Библиотека – 12,3 мин сом. Клуб – 31,9 мин сом
3.Сапар чыгымдары 75,2 мин сом
4.Транспорт чыгымдары 70,0 мин сом
5.байланыш кызматы үчүн 0,2 мин сом
6. ОПП кызматы үчүн 328,7 мин сом
7. бала бакчанын тамак – ашына 190,0 мин сом
8. электр жагууларга 126,8 мин сом
9. кѳмүр алууга 400,0 мин сом
10. башка чыгымдарга 574,6 мин сом
Итого бюджетный счет: 5199,0 мин сом
11. спец. Каражат – тамак – ашка 450,0 мин сом
Бардыгы: 5649,0 мин сом
2019- жыл үчүн жогорудагы белгиленген 5649,0 мин сомго тиешелүү смета түзүү жана аны түздѳн – түз аткарууга алуу – айыл ѳкмѳтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенкановага тапшырылсын.
Айыл ѳкмѳтүнүн атайын эсеп счету боюнча бюджети 2019 – жыл үчүн 450,0 (тѳрт жүз элүү) мин сом болуп бекитилсин.
Айыл ѳкмѳтүндѳгү жайыт комитетинин кирешелер боюнча 386,2 мин сом жана чыгымдоолор жагы 328,7 мин сом болгон сметасы бекитилсин.
Жан – Буклак айыл ѳкмѳтүнүн кирешесинин 2020 – жыл үчүн 3749,4 мин сом; 2021 – жыл үчүн 3791, 3мин сом;болгон болжолдуу ѳлчѳмдѳрү бекитилсин. Ар бир жыл учуру келгенде мыйзвамдуу түзѳтүүлѳрү менен кабыл алынаары эске алынып.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳгү» мыйзамынын 37 – статьясынын 10 – бѳлүмүн турмушка ашыруу максатында жана КР Ѳкмѳтүнүн «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн айрым укуктарын аткаруу бийлигинин бюир катар мамлекеттик органдарына ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ»2014- жылдын 15 – сентябрындагы № 530 токтомунун 1 – тиркемесинин 19 – пункутунун негизинде, коомдук башталыштагы иштеген айылдык Кенештердин тѳрагаларын бтр жолку компенсациялоо жѳнүндѳ жобого жана атайын формулага ылайык – айылдык Кенештин тѳрагасына тиешелүү ѳлчѳмдѳ компенсация тѳлѳнүп берилсин.
2019 – жылдын бюджетинин киреше бѳлүгүндѳ айтылган салыктын эки түрү: кирешеден алынуучу салык жана сатуудан түшүүчү салыктардын белгиленген ѳлчѳмдѳрүн аткарууга айыл ѳкмѳтүнүн базасы б.а. булагы жок экендигине байланыштуу киреше салыгынан 88,0 мин сомду; сатуудан түшүүчү салыктан 740,0 мин сомду жалпысы 828,0 мин сомду кыскартып берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрилигинен суралсын.
Токтом бир добуштан абыл алынды, токтомду жактап Жан – Булак айылдык
Кенештин 9 (тогуз) депутаты добуш беришти. Каршы 1 (бирѳѳ)
Тɵрага: | Т.Бекбоев |