Загрузка документа…
ЖАН БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-январы №1/2
Айыл ѳкмѳтүнүн атайын эсеп – счетундагы жыл башына калган каражатты пайдалануу жѳнүндѳ
айыл ѳкмѳтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенканова сессиянын катышуучуларына тѳмѳнкүдѳй маалымат берди: Айыл ѳкмѳтүндѳгү «Умсунай апа» бала бакчанын 2018 – жылдагы сметасы азыраак каралган. Себеби, бала бакча 100 орунду болгондо, алардын ата- энелеринен чогулуучу взностор кандай ѳлчѳмдѳ болоору белгисиз эле. Сметага азыраак коюлуп, жыл аягына бересе болуп чыкканбыз. Эгерде план аткарылбай калса айыл ѳкмѳтүнүн бир кѳрсѳткүчү артка тартылган болмок. Ошондуктан, ушул бересеге жыл башындагы калдыктан каражат бѳлүп берсениздер. Депутаттар бул маселе боюнча суроолорду беришти жана тиешелүү жоопторду алып, талкуулагандан кийин, айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ѳкмѳтүнүн бала бакчасынын тамак – ашы үчүн айыл ѳкмѳтүнүн атайын эсеп счетунан 42500 (кырк эки мин беш жүз) сом бѳлүнсүн.
2. Бул суммага тиешелүү смета түзүү жана аткарууга алуу-айыл ѳкмѳтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенкановага тапшырылсын.
3. Токтом бир добуштан кабыл алынды.Токтому жактап катышкан 10 депутат добуш беришти. Каршы – калыс жок.
Тɵрага: | Т.Бекбоев |