Загрузка документа…
ЖАН БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-январы №1/3
Жан-Булак айыл ѳкмѳтүндѳ дагы бир штаттык бирдик кызматын ачуу жѳнүндѳ
Жан – Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Д.Шеримбеков сессиянын катышуучуларына билдирүү жасады.Мындан кийин депутаттар суроолорду беришти жана ага тиешелүү жоопторду алышты. Андан кийин, Жан – Булак айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын жалпыга бирдей аскердик жана альтернативдик» мыйзамынын 41 – беренесине жана Нарын шаардык бириктирилген аскер комиссариатынын 2019 – жылдын 21 – январындагы №1/45 катына ылайык Жан – Булак айыл ѳкмѳтүнѳ аскерге милдетүүлѳр менен иштѳѳ кызматына дагы 1 (бир) штат ачылсын. Бул жаныдан ачылып жаткан кызмат жѳнүндѳ ѳз убагында КР ФМ Нарын башкармасына маалымат берилсин.
2. Айыл ѳкмѳтүнүн жалпы сметасы бекитилгенден кийин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык – бул орун үчүн кызматкер алууга конкурс жарыялансын.
3. Кызматчы кабыл алынгандан кийин – штаттык бирдик торчосуна ылайык эмгек акы эсептеп берүү – айыл ѳкмѳтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенкановага тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.Токтому жактап катышкан 10 депутат добуш беришти. Каршы – калыс жок.
Тɵрага: | Т.Бекбоев |