Загрузка документа…
ЖАН БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-январы №1/4
Муниципалдык кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн кошумча тизмесин жана стандарттарын бекитүү жѳнүндѳ
Муниципалдык кызмат кѳрсѳтүүлѳр боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга багытталган муниципалдык кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн сапатын жакшыртуу максатында, «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, «Муниципалдык кызмат кѳрсѳтүүлѳр реестирин түзүү тартиби жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2014 – жылдагы 03 – июнундагы №603 токтомун аткаруу максатында, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат кѳрсѳтүүнүн стандарттарын иштеп чыгуу боюнча нускаманын негизинде, ошондой эле Жан – Булак айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү жамаатынын Уставын» жетекчиликке алуу менен Жан – Булак айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн кошумча тизмеси бекитилсин.
2. Муниципалдык кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн кошумча тизмесинин кѳргѳзүлгѳн кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн стандарттары бекитилсин.
3. Аталган токтом Жан – Булак айыл ѳкмѳтүнүн janbulak.kg.Bеб сайтына жарыялансын
4. Аталган токтому расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Жан – Булак айыл ѳкмѳтүнѳ милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышынын кѳзѳмѳлдѳсүн ѳзүмѳ калтырылсын.
Тɵрага: | Т.Бекбоев |