Загрузка документа…
ЖАН БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-марты №3
Жан – Булак айыл ѳкмѳтүнүн жыл башына калган калдык каражатын пайдалануу жѳнүндѳ
айыл ѳкмѳтүнүн жайыт комитетинин башчысы А.Ташболотв сессиянын катышуучуларына түшүндүрмѳ берди. Андан кийин депутаттар суроолорду беришти жана жоопторду алышты.
Жогорудагы маселени карап жана талкуулап чыгып, Жан – Булак айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жан – Булак аййл ѳкмѳтүнүн жыл башына калган калдык каражатынан тѳмѳнкү керектѳѳлѳр үчүн:
А) айыл ѳкмѳтүнүн «Олдомор » жана «Алтыбай булак» участкаларында баруучу жолодорду тазалап, түздѳп жана ушул эле участкаларда жайгашкан булактарды (каптаждарды) тазалап, айланасын коруп, тосуу үчүн 50,0 (элүү) мин сом.
Б) айылдын ичиндеги ветеринардык клиниканын электр жагуусу үчүн техникалык шартын жана башка тиешелүү документтерин бүткѳрүп, электр жарыгы менен камсыздоо үчүн – 7,5 (жетимиш беш жүз) мин сом, экѳѳнү кошкондо – 57,5 (элүү жети мин беш жүз) мин сом бѳлүнүп берилсин.
2. Бул суммага смета түзүү жана аны тез арада ОППнын счетуна которуп берүү айыл ѳкмѳтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенкановаага тапшырылсын.
3. Которулган каражатты ѳз багыты менен, максаттуу жумшоо жайыт комитетинин тѳрагасы А.Ташболотовго милдеттендирилсин.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.Токтому жактап 8 депутат добуш беришти. Каршы – калыс жок.
Тɵрага: | Т.Бекбоев |