Загрузка документа…
ЖАН БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-апрели №4
Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн жыл башына калган каражатын пайдалануу жѳнүндѳ
Жан - .Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Д.Шеримбеков сессиянын катышуучуларына билдирүү жасады. Андан кийин депутаттар суроолорду беришти жана ага тиешелүү жоопторду алышты.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап , жарыш сѳзгѳ чыгып сүйлѳгѳн депутаттардын сунуш – пикирин угуп Жан – Булак айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жан – Булак айыл ѳкмѳтүнүн жыл башына калган калдык каражатынан айылдын ичине толук жаны системадагы суу түтүктѳрүн куруу үчүн сметалык проектисин (ПСД) түздүрүү үчүн аванс иретинде – 241,0 (эки жүз кырк бир) мин сом;
2. Айыл ѳкмѳтүнүн соттук – териштирүү иштерине юридикалык жардам берүү, айыл ѳкмѳтүнүн атынан сот процесстерине катышуу, айыл ѳкмѳтүнүн укугун коргоо үчүн юридикалык кызматтарга – 25,0 (жыйырма беш мин ) сом;
3. Айыл ѳкмѳтүнүн канторасынын электр эсетегичин кайра жаныртууга, канторанын бузулган ички кулпуларын алмаштырууга – 3,8 (үч мин сегиз жүз) сом;
4. Жазгы алана – чѳйрѳнү тазалоого карата, айыл ѳкмѳтүнүн башкы жолунун боюндагы бак – джарактарды актоо үчүн акиге 1000кгх 25 сом = 25,0 (жыйырма беш жүз) сом;
5. Баардыгы – 294,8 (эки жүз токсон тѳрт мин сегиз жүз) сом бѳлүнүп берилсин. Бул каражатка тиешелдүү смета түзүү жана аны аткаруу жагы айыл ѳкмѳтүнүн башкы бухгалтери Ж.Эсенкаеновага тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.Токтомду жактап катышкан 9 депутат добуш беришти. Каршы – калыс жок.
Тɵрага: | Т.Бекбоев |