Загрузка документа…
ЖАН БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-апрели №5
ЖЧК «Нарын » ѳндүрүштүк ишканасынын кубаттуулугу 100 Мвт түзгѳн Куланак ГЭСинин объектилеринин курулушуна бѳлүнүүчү жер аянттарынын категориясын которууга макулдук берүү жѳнүндѳ
ЖЧК «Нарын» ѳндүрүштүк ишканасынын кубаттуулугу 100 Мвт түзгѳн Куланак ГЭСинин объектилеринин курулушуна Жан – Булак айыл аймагына кетүүчү жер аянттары боюнча Жан – Булак айыл аймагынын 2019 – жылдын 10 – апрелиндеги жалпы элдик чогулуштун протоколу жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2019 – жылдын 25 – февралындагы № 6/05 протоколунун негизинде «Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо ) тартиби жѳнүндѳ» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2014- жылдын 19 мартындагы №169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жѳнүндѳ» убактылуу Жобого таянып, Жан – Булак айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЖЧК «Нарын» ѳндүрүштүк ишканасынын кубаттуулугу 10Мвт түзгѳн Куланак ГЭСинин оюбъектилеринин курулушуна бѳлүнүп берилүүчү чѳп чабынды0,8га, жайыт 61,1 га, токой аянттары 2,7 га, жолдордун мал айдап чыгуучу жолдору 0,6 га, курулуш алдындагы 05 га, башка жерлер 11,2га башка пайдалануучу 25,2га, жалпы 102,0га жер аянтын, ѳнѳр жайынын транчпорттун байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. ЖЧК «Нарын» ѳндүрүштүк ишканасына кубаттуулугу 100Мвт түзгѳн Куланак ГЭСинин курулушуна бѳлүнүп берилүүчү жалпы 102 га жер аянттары айыл ѳкмѳтүнүн макулдугунун жана ЖЧК Нарын ишканасынын жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилеринин түшүндүрмѳсүнүн негизинде кѳп жылдык мѳѳнѳткѳ убактылуу пайдаланууга бѳлүп берүү жагы сунушталсын.
3. Убактылуу бѳлүнүп берилген жер аянты иштетилип, гидроэлектростанциялары курулуп бүтѳѳрү менен (рекультивация) мурдагы калыбына келтирилип сугат тармактарын ондоп айыл ѳкмѳтүнүн карамагына кайра ѳткѳрүп берүү жагы сунушталсын.
4. Туруктуу жана убактылуу куруулучу объектилердин жер аянттарын тактап берүү жагы ЖЧК «Нарын» ѳндүрүштүк ишканасына милдеттендтрүү жагы сунушталсын
5. Мамленкеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер аянтын трансформациялоого айыл ѳкмѳтүнүн жана тараптардын макулдашуусунун шарттары аткарылбай калган учурда, макулдук берген айыл ѳкмѳтү менен макулдук жокко чыгарылсын.
6. Токтомдо белгиленген пункттар толук ѳз убагында аткарылбаса жана ар кандай ѳзгѳрүүлѳр жана кырдаалдар пайда болсо бул токтомго ѳзгѳрүүлѳр толуктоолор киргизилсин.
7. Бул токтомду бекитип берүү үчүн Нарын райондук мамлекеттик администрациясына
8. Бул токтомду аталган токтом Жан – Булак айыл ѳкмѳтүнүн janbulak naryn kg/ Веб сайтына жарыялоо жагы Жан – Булак айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Г.Маматбаевага милдеттендирилсин.
Тɵрага: | Т.Бекбоев |