Загрузка документа…
ЖАН БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-июну №9
Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн жыл башына калган калдык акчасын пайдалануу жѳнүндѳ
Жан – Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Д.Шеримбеков сессиянын катышуучуларына билдирүү жасады.Андан соӊ депутаттар суроолорду беришти жана ага тиешелүү жоопторду алышты. Маселени карап талкуулап жана жарыш сѳзгѳ чыгып сүйлѳгѳн депутаттардын сунуш – пикирлерин угуп Жан – Булак айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жан – Булак айыл ѳкмѳтүнүн эсеп – счетундагы жыл башына калган каражаттан 26000(жыйырма алты мин) сом алынып,айыл ѳкмѳттүн кызматтык машинасына ГСМ үчүн,8000 (сегиз мин) сом- айыл ѳкмѳтүнүн базасында ушул жылдын 21 – июнунда боло турган республикалык семинарга карата жумшоо үчүн, бардыгы 34 (отуз тѳрт)мин сом алынып, жумшалсын.
2. Бул суммага тиешелүү смета түзүү жана аны ѳз багыты менен пайдалануучу талап кылуу- айыл ѳкмѳтүнгүн башкы бухгалтери Ж.Эсенкановага тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды. Токтомду жактап, сессияга катышкан-депутаттар добуш беришти. Каршы калыс жок
Тɵрага: | Т.Бекбоев |