Загрузка документа…
АК КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-июну №69/11-27
Киров айылындагы клубдун чатарын оңдоого акча каражатын бөлүү жөнүндө
“Киров айылындагы клубдун чатырын оңдоого акча каражатын бөлүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңеш клубдун чатырына оңдоо керектигин, шыйпыры жаракка кетип, жаан чачында төбөсүнөн суу тамчылап, кулап түшүүсү мүмкүн экендигин белгилеп Ак Кудук Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кудук айыл өкмөтү Киров айылындагы клубдун чатырын оңдоого жергиликтүү бюджеттен акча каражатын караштырсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тɵрага: | У.Суваналиев |