Загрузка документа…
АК КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-июлу №71/11-27
Ак-Кудук жана Киров айылдарындагы көчө жарыктарын капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча долбоорго ылайык жаралган кошумча иштер жөнүндө
“Гигаком” ААКнун 02.07.2018-ж. “Ак-Кудук жана Киров айылдарындагы көчө жарыктарын капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча кошумча иштер жөнүндө” катын угуп жана талкуулап Ак-Кудук айылдык кеңеши долбоорго ылайык кошумча 5 тирөөчтү орнотуу зарылчылыгын, чубалгыларды ороо үчүн электирдик болот чубалгыларды алууну, жандыруучу фотодатчиктерди жана электр-жабдуулары үчүн колдонуу мүмкүнчүлүгүндөгү 2*10 мм электр чубалгыларын бир фазалуу кошулууну караштырат, буга ылайык көчө жарыктарын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө айыл өткөрүүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүү зарылчылыгын белгилеп Ак Кудук Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы долбоорго ылайык Ак-Кудук жана Киров айылдарындагы көчө жарыктарын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тɵрага: | У.Суваналиев |