Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-июлу №43/3
Кочкор айыл өкмөтүнүн аймагындагы эски мүрзөнү убактылуу пайлананууга берүү жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин кезектеги XXXXIII-сессиясы, Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Абакировдун маалыматын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн И.Өмүров жана Ү.Бейшеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эски мүрзөсүнүн мөөнөтү бүткөндүктөн, мечиттин сунушунун негизинде бак-дарак олтургузуу менен убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Абакировго эски мүрзөнү мечиттин пайданануусуна берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын чегинде иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Р.Абакировга милдеттендирилсин.
Тɵрага: | Т.Балкыбеков |