Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-июлу №43/5
Кочкор айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин кезектеги XXXXIII-сессиясы, Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Абакировдун маалыматын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл өкмөтүнүн көрүстөнүнөн үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен полигонун казууга 600,0 миң сом, Көбөгөн Сай аймагындагы “Барчын Уя” балдар бакчасынын ижара үчүн кошумча төлөнүүчү 120,0 миң сом акчасы жана спорт турнирлерин өткөрүүгө 99,0 миң сом (хоккей турнирине - 33,0 миң сом, Н.Абдыкадыров атындагы бокс турнирине -33,0 миң сом, Т.Дыйканов атындагы волейбол турнирине- 33,0 миң сом) Теңдик айылынын Улуу Ата Мекендик согуштун урматына курулган эстиликти жылдырууга бөлүнгөн акча каражатына кошумча 100,0 миң сом кошумча бөлүүгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 6 айдын жыйынтыгы менен каралып берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Р.Абакировга милдеттендирилсин.
Тɵрага: | Т.Балкыбеков |