Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-июлу №43/7
Жол белгилерин коюу жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин кезектегиXXXXIII-сессиясы, Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Абакировдун маалыматын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор айылынын борборундагы Тунук дүкөнүнүн маңдайындагы Балыкчы шаарына каттоочу таксилерди автозокзалга кийирүү иштерин жана жол чырактардын жанына коопсуздукка тоскоол болуп токтогон автоунааларга тыюу салуу Кочкор райондук ЖКККБ аркылуу жүргүзүлсүн .
2.Кочкор айылындагы И.Өмүров менен С.Орозбаков көчөлөрүнүн кесилишине, Шамен көчөсүнүн Токтогул көчөсүнүн кесилишине (төрт этаждын жаны), Фрунзе супермаркетинин тушуна жана борбордук көчөнүн тиешелүү жерлерине жол белгилери коюлсун, “40” деген жол бергилерге кошумча белги коюлган жерлерден кошумча белгиси алынып салынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жана Кочкор райондук ЖКККБ менен иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Р.Абакировга милдеттендирилсин.
Тɵрага: | Т.Балкыбеков |