Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-июлу №43/9
К.Кыдыралиев атындагы мектебинин спорт залына наам берүү жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин кезектеги XXXXIII-сессиясы, Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинин мектеп эмгек жамаатынын 4.06.2019-жылдагы №34 кайрылуусун, педагогикалык кенештин №4 токтомун карап, Кочкор айыл кенешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл аймагынын Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинин спорт залына автордук наам катары үзүрлүү эмгеги жана көрсөткөн ийгиликтери үчүн Мааткеримов Чоро Осмоновичтин наамы берилсин.
2.Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинин спорт залын жасалгалоо, аты коюлган табличка илдирүү иштерин уюштуруу жагы мектеп директору Р.Сариевге тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Абакировго милдеттендирилсин.
Тɵрага: | Т.Балкыбеков |