Загрузка документа…
АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы №1/1
Калинин айылындагы “Кенбил булагы” балдар бакчасынын жетекчиси Нарынбек кызы Кундуздун кайрылуусу жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кенбил булагы” балдар бакчасынын жетекчиси Нарынбек кызы Кундуздун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. “Муса кызы Бейшегүл,” “Кенбил булагы” балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын ата-энелери ай сайын ысык тамак үчүн төлөнүүчү акысы 400(төрт жүз) сом болуп бекитилсин.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Стамакуновго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Туюкбаев |