Загрузка документа…
АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-февралы №2/3
01.01.2019-жылга 2018-жылдан бюджеттен калдык болуп калган 822476,46 сом акча каражатын бөлүү жана 2019-жылга жаратылыш активтерин пайдалануу акысынан түшкөн 452187 сом жалпы 1274663 сом акча каражатын кароо жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 01.01.2019-жылга 2018-жылдан бюджеттен калдык болуп калган 822476,46 сом акча каражатын бөлүү жана 2019-жылга жаратылыш активтерин пайдалануу акысынан түшкөн 452187 сом жалпы 1274663 сом акча каражаты төмөнкүдөй бөлүнсүн.
Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн түрткү берүүчү гранттын өздүк салымы үчүн 320534 сом
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтомунун 3-пунктуна ылайык, келишимдик негизде алынган ветеринардык врачка адистин денгээлинде 1(бир) жылдык айлык акысы жана социалдык төлөмдөрү үчүн 179920(бир жүз жетимиш тогуз мин тогуз жүз жыйырма сом)
Ак-Талаа айылдык Кенешинин төрагасынын айлык акысына, социалдык төлөмдөрүнө жана канцелярдык товарына 15000 сом
1С программасын орнотуу жана бир жылдык коштооосу үчүн 48 000 сом
Вебсайт үчүн 8000 сом
Калинин жана Терек-Суу айылынын китепканаларына газетага 9271 сом
Терек-Суу айылындагы бала бакчанын документтерин бүткөрүү үчүн 200 000 сом
Бетон көпүрө (кольцо) алууга 73938 сом
“Кенбил булагы” балдар бакчасынын жылуулук системасына 220 000 сом
Калинин айылына салынуучу клубдун документтерин бүткөрүүгө ПСДга 100 000 сом
Калинин жана Терек-Суу айылдарынын үлүш карталарын чийдирүүгө жана муниципалдык обьектилердин документтерин бүткөрүүгө 100 000 сом
Жалпы 1274663
1. Бул токтом айыл өкмөтүнүн www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Стамакуновго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Туюкбаев |