Загрузка документа…
АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-февралы №2/4
01.01.2019-жылга 2018-жылдан калдык болуп калган (ата-энелер төлөмүнөн) 58021 сом, китепкананын атайын счетунан 819 сом акча каражатын бекитүү жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 01.01.2019-жылга 2018-жылдан калдык болуп калган (ата-энелер төлөмүнөн) 58021 сом, китепкананын атайын счетунан 819 сом акча каражаты төмөнкүдөй болуп бекитилсин.
Ата-энелер төлөмүнөн калган 58021 сом акча каржаты балдар бакчасындагы тарбиялануучу балдардын тамак-аш азыктарын алуу үчүн каралсын.
Китепкананын атайын счетунан калган 819 сом акча каражаты вайфай роутер интернетине каралсын.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Стамакуновго милдеттендирилсин
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Туюкбаев |