Загрузка документа…
АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-марты №3/3
2019-жылга жаратылыш активдерин пайдалануу акысынан ОсОО “Чатыр -Таштан” 50000 “Окчонтойдон” түшкөн 55900сом жалпы 105900 сом акча каражатын карап, бөлүү жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 28.03.2019-жылга токой чарбасын пайдалануудан ОсОО “Чатыр -Таштан” 50000 сом “Окчонтойдон” түшкөн 55900сом жалпы 105900 сом акча каражатын карап, төмөнкүдөй бөлүнсүн.
Калинин айылынын борбордук көчөсүнө жол чырак орнотуу үчүн 65900сом
Ак-Талаа айыл аймагындагы №8 /ДТга ремонт иштерин жүргүзүүгө 17000 сом
7-апрель революциянын курмандыктарын эскерүүгө 3000 сом
Калинин айылындагы таштанды төгүүчү жайды тазалоо иштерине 17000 сом
ККМ аппаратын иштөө мөөнөтүн 1(бир) жылга узартууга 3000 сом
Жалпы 105900 сом
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Стамакуновго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Туюкбаев |