Загрузка документа…
АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-марты №3/5
Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Кара-Коюн-Кара-Булак” участкасынан 70 га жайыт жер аянтын трансформация кылууга сунуштоо жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы А.Туюкбаев КРнын 15.07.2013-жылдагы № 145 жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамына жана КРнын Өкмөтүнүн 19-март 2014-жылдагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)” тартиби жөнүндөгү убактылуу жобосуна ылайык билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРнын 15.07.2013-жылдагы № 145 жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамына жана КРнын Өкмөтүнүн 19-март 2014-жылдагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)” тартиби жөнүндөгү убактылуу жобосуна ылайык Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Кара-Коюн-Кара-Булак” участкасындагы № 138, 127, 131, 130, 132, 133, 198, 195-контурларда жайгашкан жалпы 70 (жетимиш) га жайыт жер аянттарын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга (трансформациялоо) айылдык кеңеш тарабынан макулдук берилсин жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясына сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Туюкбаев |