Загрузка документа…
АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-майы № 5/2
Ак-Талаа айыл аймагында “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мараторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин айыл өкмөттүн токтомдору бар болуп, жеке турак үйлөр курулуп калган сугат айдоо жер аянттарын калктуу конуштун жерлери категориясына которуу жөнүндө
Ак-Талаа айыл аймагында “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мараторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.05.1996-жылдагы № 240 токтомунун жана Эл депутаттарынын Ак-Талаа айылдык Кеңешинин 10.03.2007-жылдагы № 7 чечиминин, жумушчу комиссиянын 12.07.2014-жылдагы справкасынын, айыл өкмөттүн токтому менен жеке турак үйлөргө сугат айдоо жерлеринен берилип кеткен жерлерди которуу (трансформациялоого) даярдалган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 токтомуна, Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын 4-февраль 2019-жылдагы № 10 сандуу кортундусу, Ат-Башы РОАА ж МСЭКБнун 07.02.2019-ж № 04/12/91 сандуу кортундусу, Ат-Башы районунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын 18.06.2019-ж № 99 сандуу кортундусунун негизинде айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алып, Ак-Талаа айылдык Кеңештин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл аймагында “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мараторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин айыл өкмөттүн токтому менен жеке турак үйлөргө сугат айдоо жерлеринен берилип кеткен Калинин айылындагы № 320-контур 26,14 га жана Терек-Суу айылындагы №150-контур 8,40 га, №204-контур 22,60 га, №208-контур 9,60 га, №147-контур 1,0 га, №137-контур 13,40 га, №201-контур 3,40 га баардыгы- 84,54 га сугат айдоо жерлерди которуу (трансформациялоого) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилишине сунушталсын
2. Ак-Талаа айыл аймагында калктуу конуш категориясына которууга сунушталган 84,54 га сугат айдоо жер аянтынын тийиштүү ишкагаздарын даярдап, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн жер комиссиясынын кароосуна жиберүү Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн башкы адиси М.Садыковго тапшырылсын.
3. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” мыйзамына ылайык Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн www.ak-talaa.org.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу П.Чикеевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Туюкбаев |