Загрузка документа…
АЛА БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы №6
Муиципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүнүн тартиби жөнүндө Жобосун жана Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды корсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү өз алдынчв башкаруу жөнүндө”, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, ошондой эле “Ала-Бука айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын” жетекчиликке алуу менен Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башкы адиси М.Жеенкуловдун маалыматы менен таанышып жана талкуулап, Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги 2019-жылдагы 1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүнүн тартиби жөнүндө Жобосу жана Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси бекитилсин.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
3. Аталган токтомдун тиркемелери менен бирге расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ала-Бука айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Саттаровго милдеттендирилсин.
Ала-Бука айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Мамырбеков |