Загрузка документа…
АЛА БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы №7
Ала-Бука-Шекафтар жолун асфальттоону райондук өнүгүү фонду тарабынан каржылоо маселесин кароо жөнүндө
Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 2019-жылдагы 1- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука-Шекафтр жолун асфальттоо үчүн көп каражат сарпталарын жана айыл өкмөтү тарабынан өнүгүү фонду аркылуу каржылоо максатында бир топ проектилер даярдалып, иш-аракеттер башталгандыгын эске алып, пландаштырылган проектилерди, курулуштарды бир канча жылга токтоп калбастыгы үчүн, райондун өнүгүү фонду тарабынан Ала-Бука-Шекафтар жолунун курулушун өнүгүү фонду аркылуу каржылануусуна айылдык Кеңештин депутаттары каршылык билдирилгендиги эске алынсын.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Бука айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Мамырбеков |