Загрузка документа…
АЛА БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы №8
Ала-Бука айыл аймагынын “Ак-Чыбыр” тилкесиндеги кароосуз калган жерди тегиздеп сүрүүгө акча каражатын бөлүү жөнүндө
Ала-Бука айыл Өкмөтүнүн башчысы Дооранбек уулу Мунарбектин жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевдин Ала-Бука айылындагы Курманжан-Датка көчөсүнүн түштүк тарабындагы “Ак-Чыбыр” тилкесиндеги таштандылар ташталып, кароосуз калган жер тилкесин тегиздеп сүрүүгө акча каражатын бөлүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 2019-жылдагы 1- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ак-Чыбыр” жер тилкесин өздөштүрүү, тегиздөө, шагал, топурак төгүү , инженердик куруучулук иштерин жүргүзүү үчүн 3000000 (үч миллион) сом акча каражаты 2512 беренесинен бөлүнүп берилсин.
2. Ажыратылган акча каражатын бөлүп берүү Э.Карабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин агрардык маселелер, СПА, суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Бука айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Мамырбеков |