Загрузка документа…
А.СУЕРКУЛОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-марты №69
Жайыт жерлерге салынган короо жайларга алынуучу салык төлөмдөрүнүн баасын бекитип берүү боюнча
Жайыт жерлерге салынган короо жайларга алынуучу салык төлөмдөрүнүн баасын бекитип берүү боюнча маселени А.Суеркулов атындагы айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын XVII сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт жерден ачык короолонгон 1 га жерге 5000 сом, жашоо үчүн салынган турак жайына 1 кв м үчүн 50 сом жана мал сарайы үчүн 1 кв м үчүн 30 сомдон бекитилип берилсин.
2. Мал жайууга тоскоолдук жаратпаган жайыт жерлерин айыл тургундарына мыйзам чегинде берүү жагы жайыт комитетинде каралсын.
3. Жайыт жерден ачык короолонгон 1 га жерге 5000 сом, жашоо үчүн салынган турак жайына 1 кв м үчүн 50 сом жана мал сарайы үчүн 1 кв м үчүн 30 сомдон алынган жайыт акылары бюджетке түшүп, максаттуу пайдалануу жагы жайыт комитетине милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы: | У.Бучуков |