Загрузка документа…
А.СУЕРКУЛОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-марты №70
Торкен Суу пайдалануучулар ассоциациясын түзүү боюнча
Торкен Суу пайдалануучулар ассоциациясын түзүү боюнча маселени А.Суеркулов атындагы айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын XVII сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Торкен СУУ СПА сы уюушулсун.
2. Токтогул СПА ларды колдоо бөлүмүнүн адиси З.Абдыкадыровго суу пайдалануучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3. Торкен Суу СПА сын жандандыруу , калыбына келтирүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары У.Токоевге милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы: | У.Бучуков |