Загрузка документа…
А.СУЕРКУЛОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-марты №71
Мамлекеттик фонддун түз берүү жолу менен ижарага берилген жерлерди кароо боюнча
Мамлекеттик фонддун түз берүү жолу менен ижарага берилген жерлерди кароо боюнча маселени А.Суеркулов атындагы айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын XVII сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик фонддун түз берүү жолу менен берилген жерлердин баасы 1 га жерге 1000 сомдон болсун.
2. Аренда акыларды жергиликтүү бюджетке түшүрүү жагы финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Кеңештин төрагасы: | У.Бучуков |