Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-февралы №76/18
Жазы айыл өкмөтүнүн 2018- жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча
Жазы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышын кароо жөнүндөгү маселе айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Жазы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылы Жазы айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү – 28944,5 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 27529,5 миң сомго аткарылганы белгиленсин.
2. Жазы айыл өкмөтүнүн 2018-жылы бюджеттин чыгаша бөлүгүндө белгиленип каржыланбай калган 3210,1 миң сом акча каражаты 2019-жылдагы бюджетти аткаруу чегинде сметанын негизинде каржылоо сунуш кылынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жазы айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Акматов |