Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июну №1
Исфана шаардык Кенешинин 2017-жылдын 14-декабрындагы №10/6 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын Исфана шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 14-декабрындагы “Европа өнүктүрүү жана оңдоо банкынын долбоорун ишке ашыруу боюнча 10%дык салымды жергиликтүү бюджетке киргизүүгө жана долбоордун алкагында ичүүчү сууга болгон тарифти өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө” №10/6 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кенешинин 2017-жылдын 14-декабрындагы №10/6 токтомунун 2-пунктундагы жетекчиси деген сөз жетекчисине деп өзгөртүлсүн жана З.Бойзоков деген сөз алынып салынсын, ошондой эле 2,3,4 пункттары 3,4,5 болуп өзгөртүлсүн жана 2-пункт болуп төмөнкүдөй редакцияда жазылсын;
2. “Исфана шаар мэриясынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу жана “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын техникалык базасын чыңдоо максатында Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 1,6 млн. евро кредит эсебинде, 2,4 млн. евро грант эсебинде жана 1,0 млн. евро техникалык грант эсебинде жалпы 5,0 млн. евро эсебинде насыя алууга макулдук берилсин.”
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Исфана шаардык Кенешинин төрагасы: | Б.И.Тагаев |