Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июну №2
Муниципалдык менчикте турган Лейлек райондук бириккен аскер комиссариатынын пайдаланып жүргөн имаратын КыргызРеспубликасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин балансасына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын муниципалдык менчикте турган Лейлек райондук бириккен аскер комиссариатынын пайдаланып жүргөн имаратын Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин балансасына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIVсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикте турган Лейлек райондук бириккен аскер комиссариатынын пайдаланып жүргөн имаратын Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин балансасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Имаратты баланска өткөрүүдөгү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларына ылайык жүргүзүү жагы Исфана шаар мэриясына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Исфана шаардык Кенешинин төрагасы: | Б.И.Тагаев |