Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июну №3
Исфана шаар мэриясына караштуу жер тилкелерин трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын Исфана шаар мэриясына караштуу жер тилкелерин трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын аймагына өндүрүштүк багыттагы ишканаларды уюштуруу максатында Бозогүл участкасынан 24,0 га жана Госспецхоз участкасынын күн чыгыш тарабынан 10,0 га жалпы 34,0 га жер тилкелерин өндүрүштүк багытка трансформациялоого уруксат берилсин.
2. Исфана шаарынын жергиликтүү калкына турак жай имараттарын куруу үчүн Бозогүл участкасынан 85,0 га, Мырза-Патча айылынын күн батыш тарабынан 6,0 га, Самат –Сүлүктү унаа жолунун күн чыгыш тарабынан 30,0га, Беш-Бала айылынын Ак-Суу унаа жолунун батыш тарабынан 13,0га, Кара-Таш айылынын түндүк тарабынан 3,0га жалпы 137,0 га жер тилкелерин калктуу конуш багытка трансформациялоого макулдук берилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Исфана шаардык Кенешинин төрагасы: | Б.И.Тагаев |