Загрузка документа…
КАРА БУЛАК АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-марты №6
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын социалдык экономикалык өнүгүүсүнун жыйынтыгы жана 2019-жылдын милдеттери жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2019-жылга милдеттери жөнүндө Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекташовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекташовдун 2018-жыл ичинде аткарган ишине акыркы эскертүү берилип кемчиликтерди эске алуу менен отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы атуулдардын кайрак жерлери боюнча тактоо иштери жүргүзүлүп тийиштуу органдарга кайрылуу жөнөтүлсүн.
3.Жергиликтүү маанидеги маселелерди өз убагында чечүү , мамлекеттик эмес уюмдар менен тыгыз байланышта иш алып баруу ,айыл өкмөтүнүн чек арасын тактоо,айыл өкмөтүнүн аппараттык кызматкерлерине талап коюу менен иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекташовго тапшырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Кара-Булак айылдык Кеңешинин төрагасы: | И.Тилеков |