Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-майы №124
Макулдук берүү жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Орозовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып,Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”Разаков-Арка ” 110 кВт электролиниясынын мамычаларын орнотууга жалпы 774,52 ч м (анын ичинен 370,7 ч м кайрак айдоо жер,403,82 ч м жайыт жер) жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Самаркандек айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Пирматов |