Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-апрели №20/2
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ «Абшыр-таза-суу» ишканасынын 2018-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету жана 2019-жылга тарифин бекитүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ «Абшыр-Таза-Суу» ишканасынын жетекчисинин 2018- жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчетун жана 2019-жылга алынуучу салыктын тарифин угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ «Абшыр-Таза-Суу» ишканасынын жетекчиси Ш.Ахмедовдун 2018-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету канаатандырарлык деп эсептелсин.
2. Т.Кулатов айылдык округу боюнча таза суу пайдалануучуларга төмөндөгүдөй наркта тариф бекитилсин.
А-ар бир адамга (жалпыга) бир айда 13 (он үч) сом 00 тыйындан төлөө тарифи бекитилсин.
Б-жеке түтүкчөлөрү бар эсептегичи жок үй ээлерине ар бир жанга 22 (жыйырма эки) сом 32 (отуз эки) тыйындан баа бекитилсин.
В-мекеме, ишкана ж.б социалдык мекемелерге м3 14 (он эки) сом 88 (сексен сегиз) тыйындан төлөө тарифи бекитилсин.
3. үйлөргө киргизилген суу түтүгүнө шевелевдин таблицасынын негизинде 1 м3 суунун наркы 12 (он эки) сом 40 (кырк) тыйындан төлөө тарифи бекитилсин.
4. Башкы суу түтүгүнөн үйлөргө суу киргизүү үчүн техникалык кызмат акысы 3000 (үч мин) сом тарифинде бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин «суу-чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына» жана А.Топчубаевге милдеттендирилсин.
Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасы: | А.Топчубаев |