Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-апрели №20/3
Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин 2019-жылдын 19-мартындагы № 19-4 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо-Арык айылынын Ак-Чаёгал бөлүмүнөн бош жаткан 1.0 га жер аянтына проектинин негизинде логистикалык борбор куруу үчүн 1.0 га айыл чарба багытындагы жер аянтын “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндөгү жер комиссиянын төрагасы А.Муратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2015-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 беренесинин жана “Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндөгү” Жобонун 31-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын жер кодексинин беренесинин 11-13 беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 47-беренесин жетекчиликке алып, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо-Арык айылынын Ак-Чаёгал бөлүмүнүн технологиялык жолдун түштүк тарабынан логистикалык борбор куруу үчүн жайыт жеринен № 3784 контурунан 0.94 га , таштак жайыт жеринен № 3780 + № 3781+ № 3782+ № 3783 контурларынан 0,06 га , жалпысы 1,0 га жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Кожо-Арык айылынын Ак-Чаёгал бөлүмүнүн технологиялык жолдун түштүк тарабынан логистикалык борбор куруу үчүн жайыт жеринен № 3784 контурунан 0.94 га , таштак жайыт жеринен № 3780 + № 3781+ № 3782+ № 3783 контурларынан 0,06 га , жалпысы 1,0 га жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык айылынын Ак-Чаёгал бөлүмүнүн технологиялык жолдун түштүк тарабынан логистикалык борбор куруу үчүн жайыт жеринен № 3784 контурунан 0.94 га , таштак жайыт жеринен № 3780 + № 3781+ № 3782+ № 3783 контурларынан 0,06 га , жалпы 1,0 га жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулгандан (трансформациялангандан) кийин Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү Ак-Терек айылынын тургуну Жумабаев Мавлян менен ижаралык келишим түзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеёештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасы: | А.Топчубаев |