Загрузка документа…
КӨК ОЙРОК АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-февралы №29/03-04
Көк-Ойрок айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Абласовго ишенбестик көрсөтүү жɵнүндɵ
Көк-Ойрок айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Абласовдун 2018-жылы аткарган иштери боюнча аткарган билдирүүсүн угуп,жергиликтүү кеңеш Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзманын 31-беренесинин 4-пунктунун 2-бөлүгүн жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1.Көк-Ойрок айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Абласовдун 2018-жылы аткарган иштерине канаатандырарлык эмес деген баа берилсин.
2.Көк-Ойрок айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Абласовго ишенбестик көрсөтүлсүн.
3.Токтомду Кемин райондук мамлекеттик администрациясына жана Кемин райондук аймакттык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4.Токтомду ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн,Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймакттык бөлүмүнө каттоодон өткөрүүгө жөнөтүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Кенештин төрагасы: | Токомбаев.Э |