Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-январы №64
2019-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө
2019-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө бюджет,экономика, ишкердик иш боюнча комиссиясынын корутундусун жана ФЭБ башчысы Н. Б. Жумагулованын докладын угуп жана талкуулап,Биринчи Май айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Биринчи Май айыл өкмөтү көрсөткөн 2019-жылдын бюджети 23992,6 миӊ сом өлчөмүндө,1300 миӊ сом-атайын эсебин эске алуу менен бекитилсин.
2. 2019-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 23992,6 миӊ сом түзгөндүгү жана жергиликтүү жалпы мамлекеттик салыктардан түшкөндүгүнүн эсебинен түзүлгөндүгү аныкталсын.
3. 2019-жылдын күнүмдүк чыгымдарын төмөнкү бөлүктөр боюнча каржылоо бекитилсин.
чыгаша | Атайын эсеби | жергиликтүү бюджет | бардыгы |
аппарат |
| 4636,5 | 4636,5 |
китепкана |
| 303,1 | 303,1 |
клуб |
| 77,6 | 77,6 |
Бала бакчалар | 1300,0 | 4273,4 | 5573,4 |
№ 1,4- АОМ |
| 5043,7 | 5043,7 |
ТКЧ |
| 7203,1 | 7203,1 |
Айыл чарба |
| 200,4 | 200,4 |
Жайыт комитет |
| 22,0 | 22,0 |
Соц.кызматтар |
| 567,5 | 567,5 |
Маданият иш-чаралар. |
| 295,0 | 295,0 |
Жарандык коргоо |
| 70,3 | 70,3 |
жалпы | 1300,0 | 22692,6 | 23992,6 |
4. 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгашаларын каржылоо нагыз алынган кирешелерден жүргүзүлө тургандыгы,биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (айлык акы,тамак-аш,коммуналдык кызматтарды тейлөө,соц.кызматтар) аныкталсын.
5. КР бюджеттик кодексинин 16.05.2016-ж. №60 110-бер.ылайык “Жүгүртүүчү кассалык накталай акча” 240,1 миӊ сом суммасында бекитилсин.
6. Штаттык саны бекитилсин:
7011 бөлүгү-17 бирдик анын ичинде: а/ө башчысы-1 бирдиги, жооптуу катчы-1 бирдиги,ФЭБ башчысы-1 бирдиги,башкы адиси-4 бирдиги,жетекчи адиси-3 бирдиги,адиси-2 бирдиги,АКС инспектору-3 бирдиги,иш жургүзүүчү адис-1 бирдиги,кароолчунун 1 бирдиги.
70821 бөлүгү-4 бирдик анын ичинде: китепкананын башчысы -1 бирдиги, китепканасынын адистери -2 бирдиги.
70823 бөлүгү-кароолчунун 1 бирдиги.
7. Контракттык негизинде тазалоочунун 1 бирдиги 2,5 миӊ сон маянасы менен,от жагуучунун 2 бирдиги 2,5 миӊ сом 5 ай жылытуу мезгилине, кароолчунун 1 бирдиги 3,3 миӊ сом маянасы менен түнкү күзөтүүнү эсепке алуу менен ,дворниктин 1 бирдиги 2,5 миӊ сом маянасы менен ,тех.көзөмөлчүнүн бирдиги 7,0 миӊ сом маянасы менен бекитилсин.
8. “Мугалимдин статусу жөнундө” КР Мыйзамынын жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР өкмөтүнүн кызматкерлерине электр энергиясына коммуналдык кызматка төлөп берүү каралсын.
9. КР бюджеттик кодексинеылайык, КР МФ Москва райондун башкармалыгынан макулдашуусу боюнча ,бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүгүӊ тактоону айыл өкмөтүнүн башчысына укук берилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭБ башчысы Н.Б. Жумагуловага жүктөлсүн.
Айыл кеңештин төрагасы: | С.У.Дунганов |