Редакцияот 15.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИНЧИ МАЙ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Айыл кеңештин XXVII чакырылышынын XVIII сессиясы

 

2019-жылдын 15-февралы №68

Айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн башчысы А. И. Бакировго ишенбестик билдирүү боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык ишенбестик билдирүүгө “макул” – 7 (жети) депутат, “каршы” – 11 (он бир) депутат добуш берди, “калыс” – 1 (бир) депутат, КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 49 – бер. 7-пунктунун 9 абзацына ылайык, Биринчи Май айыл кеңешинин сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Айыл өкмөтүнүн башчысы А. И. Бакировго ишенбестик билдирүүдөн баш тартылсын.

 

Айыл кеңештин төрагасы:

С.У.Дунганов