Редакцияот 13.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ АЛЫШ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 9-февралы №28-3/3

Айыл өкмөт башчысын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»мыйзамынын 49 беренесине ылайык ,айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндөгү 36 пунктунун негизинде Кемин территориялык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 13-мартындагы айыл өкмөт башчысын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндөгү протоколун карап көрүп ,Жаӊы-Алыш айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кемин территориялык шайлоо комиссиясынын Жаӊы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндөгү протоколу бекилсин жана Жаӊы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Ибраимов Таштанбек Сарсеитович дайындалсын.

2. Бул токтом шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына жана мамлекеттик администрация башчысы-Кемин районунун акимине жөнөтүлсүн.

 

Жаӊы-Алыш айылдык  Кеӊешинин төрагасы::

К.Ж.Мамбеткулов