Редакцияот 26.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Барпы айылдык кенешинин 7-чакырылышынын кезексиз ХVI сессиясы

 

 2019-жылдын 26-августу №16/2

Барпы айыл өкмөтүнун аймагындагы жарандарга турак жай куруу үчун жер бөлүп берүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11,12,13,15,17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16.04.2019-жылдагы №160 сандуу токтомунун негизинде Барпы айыл өкмөтүндөгү Курук-Сай, Жар-Кыштак, Боз-Чычкан айылдарынан трансформация болгон 24,6 га жер аянттарын Маркай, Сай, Ачы айылдарындагы сел, жер көчкү коркунучунда жашаган атуулдарды коопсуз жайга көчүрүп чыгаруу жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы турак жайга муктаж жарандарга бөлүштүрүү максатында Барпы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1.Барпы айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги жана жайыт жер аянттарынан атуулдарга жеке менчик турак жай куруу үчүн транцформация болгон 24,6га кайракы айдоо жана жайыт жер аянттардан 0,06гадан жарандарга турак жай куруу үчүн бөлүнүп берилсин.

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы: А. Сыргабаевге жүктөлсүн.

3 Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган  кундөн баштап күчүнө кирет.

 

Барпы айылдык кеңешинин төрагасы:

Абдыкулов.У.А