Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-августу №16/3
Барпы айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок айылындагы №1019-контрдагы 0,70га жер аянтын муниципалдык менчикке каттоо жөнүндө
Барпы айылдык кенешинин кезексиз XVI сессиясынын күн тартибиндеги Барпы айыл өкмөтүнүн башсысы: А.Сыргабаевдин 16.08.2019-жылдагы № 01-16/620 сандуу сунушун угуп жана талкуулап Барпы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Барпы айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок айылындагы №1019-контрдагы айыл чарба багытынан өнөр жай багытына которулган 0,70га жер аянты таза суу кампасын куруу үчүн муниципалдык менчикке алынсын.
2.Муниципалдык менчикке алынган жер аянтын каттатуу жагы Барпы айыл өкмөтүнүн юристи: С. Назаровго жана жер адиси: Ө. Мурзаевге жүктөлсүн.
3.Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган кундөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы: | Абдыкулов.У.А |