Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-августу №16/4
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезексиз ХVI сессиясы күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтомуна ылайык Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө келишимди окуп жана талкуулап Барпы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Барпы айыл өкмөтүнүн ортосунда “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамынын негизинде тузүлгөн келишими бекитилсин..
2.Токтомдун аткарылышын жана ишке ашырууну көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
3.Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган кундөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы: | Абдыкулов.У.А |