Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-августу №16/5
Барпы айыл аймагындагы “Курук-Сай” участкасына малдарды купкага салуу жана вакцинасия жасоого орундук жай куруу чүн Барпы ЖКинин сметасына өзгөртүү киргизип, кошумча каражат бөлүү жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезексиз XVI сессиясы күн тартибиндеги Барпы жайыт комитетинин төрагасы: 16.08.2019-жылдагы №30 сандуу кайрылуу сунушун угуп жана талкуулап токтом кылат.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.ПРЖР-2 долбоорунун алкагында курулуп жаткан Барпы айыл аймагынын “Курук-Сай” участкасына курулуучу мал жандыктарды купкалоочу жана вакцинациялоочу орундук жайдын курулушуна 263195(эки жүз алтымыш үч миң бир жүз токсон беш)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Курулуп жаткан курулушка электр энергиясы менен камсыз кылуу үчун анын курулушуна сметанын негизинде 56310( элүү алты миң үч жүз он ) сом акча каражаты бөлүнсүн.
3.Барпы айыл аймагынын “Курук-Сай” участкасына курулуучу малдарды купкалоочу жана вакцинациялоочу орундук жайга жалпысы болуп 319505 ( үч жүз он тогуз миң беш жүз беш ) сом акча каражаты бөлүнуп, Барпы жайыт комитетинин сметасына кошумча өзгөртүү киргизилсин жана бекитилсин.
4. Курулуштун жүрүшундө кошумча жумуштарды аткарууга каражат жагы жетпей калганда кошумча акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5.Жогорудагы акча каражат суммалары Барпы ЖКинин пайдаланылбай калган болүгүнөн пайдаланууга уруксат берилсин.
6. Бул жумуштарды жүзөгө ашыруу жана аткаруу жагы Барпы жайыт комитетинин төрагасы: А. Каржоодиевге милдеттендирилсин.
7..Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган кундөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы: | Абдыкулов.У.А |