Загрузка документа…
КАРА СУУ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-августу №10
№2 Түрдүк шайлоо округунун депутаты Д.Миңбаевдин, депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арызы жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №2 Түрдүк шайлоо округунун депутаты Д.Миңбаев Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыктан, депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. №2 Түрдүк шайлоо округунан кезекте турган талапкерди депутаттыкка көрсөтүп берүү жагы Аксы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: | МалабековТ. |