Редакцияот 18.09.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ КҮЛ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Күл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын VI-чакырылышынын XVI-сессиясы

 

2018-жылдын 18-сентябры №43

Административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана жаза салуу боюнчаТѳрт-Күл айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн административдик комиссиялары тууралуу жобону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине, 2019-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексине жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана жаза салуу боюнча Тѳрт-Күл айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн административдик комиссиялары тууралуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Тѳрт-Күл айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү 10 күн мөөнөттө административдик комиссиянын курамы такталып, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен макулдашылып бекитилсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.

 

Төрт-Күл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы::

Б.Зарлыков.