Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-августу №1
6 айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн-1842.2 миң сомго көбөйтүп жана аны бөлүштүрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айыл кеңешинин XIX сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1).2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен пландан ашыкча
№36 лицейдин жанындагы 0,26 га жер тилкесин аукцион аркылуу сатканда түшкөн акча каражаты 1.710,0мин сом ;
Айыл чарбасына жараксыз жерди сатуудан түшкөн акча каражаты 51,9 мин сом;
Кыймылсыз мулк салыгынан ашыкча түшкөн 19,0 мин сом;
Орто-Сай айылындагы таза суу скважинасынын жумуштары учун ОсОО “Рем-Монтаж”ишканасы кайтарган акча каражаты 43,3мин сомдун эсебинен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн планын жалпы 1.824,2 мин сомго жогорулатып,чыгаша бөлүгү төмөндөгү беренелерге ылайык чыгымдалсын:
70111- Башкаруу бөлүмүнүн 2215-беренесине-105,0мин сом-жайыт комитети учун кормодробилка(жем майдалоого) алууга,а/өкмөтүнүн салымы;
70111- Башкаруу бөлүмүнүн 2215-беренесине-155,0мин сом –жайытка алынган тележка-прицеп учун,а/өкмөтүнүн салымы;
70111-Башкаруу бөлүмүнүн 2215-беренесине 35,0 мин сом –Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебине техникалык паспорт алуу учун;
70111- Башкаруу бөлүмүнүн 22122900-беренесине-46,0мин сом жогорку ыламдыктагы оптика-волокондуу кабель тартып а/өкмөтүнүн имаратына жогорку ыламдыктагы интернет байланышынын кызматы үчүн;
70111- Башкаруу бөлүмүнүн 3112-беренесине санариптештируу жылында эл менен байланышты күчөтүү максатында , ватсап менен иштеп турууга а/өкмөтүнө уюлдук телефон сатып алууга -15,0мин сом;
70111- Башкаруу бөлүмүнүн 2221-беренесине 30,0мин сом “коомдук алдын алуу борборунун “ (ОПЦ) кабинетинин учурдагы ремонтуна;
70629-ЖКХ- бөлүмүнүн 2215 беренесине 50,0мин сом №36 техникалык лицейдин тосмо плиталарын жылдыруу үчүн;
70629-ЖКХ- бөлүмүнүн 2221-беренесине 43,3мин сом Орто-Сай айылындагы таза суу скважинасынын айланасын коргондоого жана башка бүтпөй калган жумуштарын бүткөрүүгө жумшалсын.
70629-ЖКХ – бөлүмүнүн 3111-беренесине Ленин жана Жыгач-Коргон айылынын Н.Жээналиев көчөсүнө таза суу үчүн полиэтилен трубаларын сатып алууга-250,0 мин сом;
70629-ЖКХ – бөлүмүнүн 3111-беренесине 19,0мин сом,электр
конструкцияларын сатып алууга;
70629-ЖКХ – бөлүмүнүн 3111-беренесине 320,9 мин сом Ленин айыл аймагынын айылдарынын борбордук көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн;
70629-ЖКХ- бөлүмүнүн 3111-беренесине 100,0 мин сом Ленин айылындагы таштандыларды төгүүчү жердин айланасын коргондоо үчүн;
70921-билим беруу бөлүмүнүн 3111 беренесине 513,0 мин сом Ю.А.Гагарин жана А.Тажибаев атындагы орто мектептердин спорт залдарынын терезелерин пластик терезелерге алмаштыруу үчүн;
70921-билим беруу бөлүмүнүн 3112 беренесине 142,0 мин сом-Орто-Сай айылындагы С.Жээнбеков атындагы орто мектебинин 1-4-класстар үчүн ыссык тамак ичүүгө инвентарь(стол,стул),идиш-аяк сатып алуу үчүн;
2)Бюджеттин пландарына тактоо киргизүү КР ФМнин Сузак башкармалыгынан суралсын.
3)Токтомду аткаруу жагы финансы-экономика бөлүмунө жүктөлсүн.
4)Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ленин айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Кеңешбаев. |